Талас облусунун Арал айылында 450 орундуу мектептин курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.
Анын айтымында, билим берүү мекемесинин курулушу 2015-жылы башталган. Подрядчы — “Алтай Строй” ЖЧКсы.
“Учурда мектепти эмеректер менен камсыздоо, ошондой эле аймакты жакшыртуу иштери жүрүп жатат”, - деп кошумчалады Жыпаркулов.