Таластагы аэропорттун курулушу толугу менен аяктады

11.03.2024, 17:00 Акчабар
Таластагы аэропорттун курулушу толугу менен аяктады

Таластагы аэропорттун курулушу толугу менен аяктады. “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, жарандык авиация агенттиги сертификат берсе эле аба майдан ачылат.

Ички каттамдарга ылайыкталган аэропорт саатына 100 жүргүнчүнү өткөрүүгө чакталып салынды. Курулуш иштерине “Манас” аэропортунун өз каражаты жумшалган.

Деңиз деңгээлинен 1 миң 266 метр бийиктикте жайгашкан Таластагы аба майдан 1940-жылдары ишке берилген, учурдагы учуп-конуу тилкеси жана аэробекет имараты 1979-жылы курулган. Бирок аба майдан учуу коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен мындан 11 жыл мурун убактылуу жабылган.

Тэги: Талас аэропорт Жарандык авиация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу