Таластын Бакай-Ата районунда үч мектеп курулууда

14.03.2024, 13:55 Акчабар
Таластын Бакай-Ата районунда үч мектеп курулууда

Таластын Бакай-Ата районунда үч мектеп курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Миң-Булак айылындагы 375 орундуу мектеп май айында ачылат. Шадыкан айыл өкмөтүндөгү билим уясы да ушунча орунга чакталган. Ал Нооруз майрамына карата пайдаланууга берилет. Өзгөрүш айылындагы 275 орунга ылайыкталган мектеп болсо майга чейин каалгасын ачат деп күтүлүүдө.

Мектептердин экөө республикалык бюджеттен, бирөө Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланууда.

Тэги: мектеп Талас облусу бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу