“Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун КР жараны А.К.Снын башкаруусундагы “Renault Premium” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмидц” маркасындагы чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 780 000 сомдук жүзүм табылган.
Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 780 000 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.