Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот

26.06.2023, 15:15 Акчабар
Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот

Мамлекеттик бажы кызматы Бажы кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “РСК Банк” ААК менен биргеликте накталай эмес ыкмада реалдуу убакыт режиминде бажы төлөмдөрүн жүргүзүүнү ишке киргизди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы төлөм ыкмасы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына бажы төлөмдөрүн “РСК Банк” ААКтын интернет-банкинги аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын системасында дароо көрсөтүлөт, бул бажы төлөмдөрүн төлөөнүн жол-жобосун жеңилдетет жана бажылык тариздөө процессин тездетет.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө накталай эмес ыкмада жана башка коммерциялык банктар менен накталай эмес тартипте бажы төлөмдөрүн төлөөнү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тэги: новости экономика Кыргызстана безналичная оплата таможенные платежи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу