Тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүүгө 500 млн сом бөлүнөт

25.05.2023, 13:40 Акчабар
Тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүүгө 500 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда 5 жылдын ичинде тарых жана маданият эстеликтерин реставрациялоого 500 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Белгилегендей, каржылоо республикалык бюджеттен, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын колдоосу аркылуу ишке ашат.  

“Бизде 2400дөй тарыхый-маданий объектилер бар. Аларды изилдеп, калыбына келтирип, жайылтуу керек. Министрлик тарабынан программа иштелип чыккан, ага ылайык эстеликтерди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн 5 жылдын ичинде калыбына келтирүүгө 500 млн. сом бөлүнөт”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу