Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары пара менен кармалды

07.06.2023, 16:11 Акчабар
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары пара менен кармалды

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 31-майында Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А. 25 000 сом акча каражатын пара катары алып жаткан  жеринен кармалышты.

Белгиленгендей, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А., ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам деп коркутуу жолу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. 

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу