Мэр: таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга даярдык башталды

01.03.2023, 12:54 Акчабар
Мэр: таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга даярдык башталды

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводду курууга даярдыктар башталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында санитардык тазалоо, чогултуу, чыгаруу жана катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүү боюнча бирдиктүү операторду түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инвестициялык долбоорун ишке ашыруу пландалууда. 

“Буга чейин чехиялык “ReGreen s.r.o” компаниясы менен 45 миллион долларлык долбоорду ишке ашыруу боюнча келишим түзүлгөн. Бүгүн бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен кеңешме болду. Демилге колдоого алынды”, - деди мэр.

Ошондой эле, мэр Эмилбек Абдыкадыров курула турган заводдун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр экенин, долбоордун жол картасы иштелип жатканын белгиледи. Анын айтымында, алгач курулуш таштандылары кайра иштетилет.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу