Таза куйма алтындын баасы бир түн ичинде 1.3% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Бүгүнкү күндө, Улуттук банк тазаланган куйма алтынды 171 миң 505.5 сомго сатып алууга даяр. Жуманын башында бул баа 171 миң 611.5 сомду түзгөн. 9-декабрга карата тазаланган куйма алтындын баасы 173 миң 744 сомду түзгөн.
Эске сала кетсек, декабрдын биринчи жумасында таза алтындын баасы 4.14% жогорулаган.