Бишкек ЖЭБи «Металлпромго» он төрт миң тонна таштанды темир өткөрөт

03.11.2022, 10:11 Акчабар
Бишкек ЖЭБи «Металлпромго» он төрт миң тонна таштанды темир өткөрөт

Бишкек Жылуулук электр борбору “Металлпром” мамлекеттик мүлк фондуна караштуу “Объекттерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасынын филиалына 14 миң тонна металл сыныктарын тапшырат. Бул тууралуу “Акчабарга” Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда “Электр станциялары” ишканасы ЖЭБдин балансындагы металл сыныктарын сатуу маселесин карап жатат. Ишкана металл сыныктарын кандай баада сатып алаары азырынча белгисиз.

Кошумчалай кетсек, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖЭБди кыш мезгилине даярдоо менен таанышуу учурунда аймактан металл сыныктардан тазалоону тапшырган. 

Тэги: новости Кыргызстана ТЭЦ Бишкека ФУГИ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу