Кыргызстандын калкынын өсүү темпи 2020-жылы төмөндөгөн

10.07.2021, 10:30 Акчабар
Кыргызстандын калкынын өсүү темпи 2020-жылы төмөндөгөн

Акыркы жылдары Кыргызстан калктын өсүшүнүн жогорку темптери менен мүнөздөлүп келген (жылына 2,0-2,1%), бирок 2020-жылы калктын өсүү темпи 1,7% ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Калктын өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Ош шаарында (3,1%), Баткен облусунда (2%) жана Бишкек шаарында (1,9%) белгиленди, төмөн - Ысык-Көлдө (1,2%) жана Нарында (0,9%).

2020-жылы калктын табигый өсүш арымынын төмөндөшүнө, COVID-19 менен байланышкан калктын өлүмүнүн көбөйүшү, ошондой эле төрөттүн төмөндөшү таасир эткен. Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясына жана 2020-жылдын 31-мартынан 21-майына чейин Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу, туулгандыгы, каза болгондугу, нике кыйгандыгы жана ажырашкандыгы жөнүндө жарандык абалдын актыларын каттоосу каттоо кызматы жүргүзүлгөн эмес.

Калктын саны 2021-жылдын башында 6 миллион 637 миң адамды түзгөн. Ошол эле учурда, басымдуу үлүш айыл калкына туура келген - 66%, же 4 миллион 354 миң адам, ал эми шаар калкынын үлүшү үчтөн бир аз көбүрөөк - 34%, же 2 миллион 283 миң адам болгон.

Тэги: Нацстатком население темп прироста

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу