Тенгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин УКМКнын камагында калды

29.11.2022, 14:29 Акчабар
Тенгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин УКМКнын камагында калды

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын камагында болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Анын баш коргоо чарасын 10-январга чейин узартуу чечимин 14-ноябрда Октябрь райондук соту чыгарган. Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаардык соту да Бөлтүрүктү 10-январга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Эске салсак, Башкы прокуратура 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүктүн кенди иштетүүдө каржылык мыйзам бузууларга, “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Ал, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу” беренеси боюнча Башкы прокуратуранын демилгеси менен кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалган. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган.

Ошондой эле, 15-сентябрда шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына которулган. 

 

Тэги: новости Кыргызстана Тенгиз Болтурук Кумтор Голд Компани СИЗО ГКНБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу