Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы менеджери кызматынан бошотулду

23.08.2022, 19:26 Акчабар
Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы менеджери кызматынан бошотулду

“Кумтөр” кенинин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында алтын өндүрүүчү компаниянын жетекчилигинен Теңиз Бөлтүрүктү жана каржы директору Рыспек Токтогуловду иштен алуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Ошол эле учурда Теңиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калууда.

“Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жалпы көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет” - деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат.

Тэги: Кумтор Тенгиз Болтурук кабмин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу