Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон жолугушууда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу маселесин көтөрдү.
Ал аталган курулушу эки өлкө үчүн маанилүү транспорттук долбоор экенин баса белгиледи.
"Бул багытта биз 2023-жылдын июнь айына чейин керектүү талаа изилдөөлөрүн бүтүрүп, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгышыбыз керек", - деди Төрөбаев.