Товардын мыйзамдуулугун жана сапатын эми тиркеме аркылуу текшерсе болот

17.01.2023, 11:07 Акчабар
Товардын мыйзамдуулугун жана сапатын эми тиркеме аркылуу текшерсе болот

Кыргызстандыктар "Текшер" мобилдик тиркемеси аркылуу товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын өз алдынча текшере алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Текшер" тиркемеси элдик контролду жүргүзүүгө жана сапатсыз товарларды өндүрүү жана сатуу менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет.

Текшерүү үчүн "Текшер" тиркемесин жүктөп алып, товардын таңгагында жайгашкан маркалоо кодун сканерлөө керек. Эгерде кандайдыр бир бузуулар же сапатсыз товарлар аныкталса, даттанууну түздөн-түз ушул тиркеме аркылуу берүүгө болот. Салык органдарынын кызматкерлери тийиштүү контролдук иш-чараларды өткөрүшөт. Ошол эле учурда даттанууну берген жарандар алардын кайрылуусу кайсы баскычта экендигин байкап, ошондой эле контролдук иш-чаралардын жыйынтыктары менен тааныша алышат.

Эске салсак, алкоголь жана тамеки продукциялары идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоого жатат.

Маркалоо коду керектөөчүлөрдү мыйзамсыз жана контрафакттык продукциялардан коргоо максатында маркаланган продукциянын ар бирин өндүрүүчүдөн же импорттоочудан акыркы керектөөчүгө чейин байкоо жүргүзүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Тэги: ГНС легальность товаров ГНС Текшер новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу