Tesla компаниясында профсоюз маселесине байланыштуу чыр чыкты

17.02.2023, 13:33 Акчабар
Tesla компаниясында профсоюз маселесине байланыштуу чыр чыкты

Белгилүү электромобилдүү унааларды чыгарган Tesla компаниясы кызматкерлерин профсоюз түзүүгө аракет кылгандыгы үчүн жумуштан кетирди деген айыптоону четке какты. Бул тууралуу BBC Business жазды. 

Компания 27 кызматкерди начар иштегени үчүн жумуштан бошоткондугун жана кызматкерлерди профсоюздук өнөктүк жарыяланганга чейин эле аныктаганын билдирди. Ал эми Буффало шаарындагы өнөктүктүн уюштуруучулары профсоюз уюму коомчулукка чыккандан бир күн өткөндөн кийин кызматкерлерди иштен кетиришти деп айыптоодо. 

"Tesla компаниясы профсоюз түзүү өнөктүгүн токтотуу үчүн 30дан ашык адамды иштен кетирди”, - деп айтылат маалыматта. 

Ал эми Tesla расмий түрдө 675 адамдан турган “Autopilot” маркалоочу топтун курамына кирген жумушчуларды иштен кетирүү чечими 3-февралда эле кабыл алынганын билдирди. 

“Компания 27 кызматкердин бири "официалдуу түрдө профсоюздук уюмдун мүчөсү экени жумуштан кетирүү чечими чыккандан кийин гана билди”, - деп айтылат компаниянын маалыматында. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда да мамлекеттик жана жеке менчик ишканаларда иштегендердин эмгек укуктары корголбогон учурлар көп кездешет. Муну укук коргоочулар жарандардын өз эмгек укуктарын билбегендиги жана жумуш берүүчү менен эмгек келишимдерин түзбөгөндүгү менен байланыштырат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу