Талкууга алынган тез жардам автоунааларынын чоо-жайын министрлик түшүндүрдү

16.07.2020, 17:20 Акчабар
Талкууга алынган тез жардам автоунааларынын чоо-жайын министрлик түшүндүрдү

Социалдык тармактарда Дүйнөлүк банктын ERIK долбоорунун алкагында КР Саламаттык сактоо министрлиги сатып алган жаңы 13 тез жардам автоунаасынын баасы абдан эле жогору экендиги айтылып, кызуу талкууга алынууда.

 

Ага байланыштуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов түшүндүрмө берип, өлкөнүн аймактары үчүн атайы дизель майы керектелчү 4WD “Соболь” унаалары алындыгын айтты.

«Алардын ичине жасалма дем алдыруучу системалар, кычкылтек балондору, улууларга жана балдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон бардык жабдуулар орнотулган. Баасы болжол менен алганда 49 миң доллардан айланды. Экинчи класстагы 3 даана реанимобилге болсо кубаттоочу шаймандары менен жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Форд Транзит үлгүсүндөгү ар бир унаанын баасы 90 миң доллардан туура келди» , - дейт ал.

Исмаиловдун маалыматына караганда, тендерге жалпысынан 4 фирма катышып, өз кызматтарын арзан сунуштаган компания тандалып алынган.

«Бул тез жардам унааларынын комплектациясы жөнөкөй унаалардыкына салыштырмалуу башкача болот. Тендерди уткан компания унаанын ичине орнотулчу медициналык жабдуулардын техникалык параметрлерин көрсөтүп, ага ылайык, транспорт каражаттары жабдууланган. Андан соң гана консорциумга берилди. Бул жакта бекитилген өзүнчө эксперттик топ жана тендердик комиссия өз бааларын беришти. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин макулдугунан өткөн соң тез медициналык жардам унаалары КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Биз жаңы атайы техникаларды текшерип чыктык. Сапаты баасына төп келди. Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү тармагында эмгектенген эксперттер дагы оң баасын беришти» , - деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле ал сатып алуу тендердик комиссиянын тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Тэги: тез жардам автоунаа министрлик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу