“Беш лаваш” жана “Мидос” фастфуд түйүндөрүндөгү массалык уулануудан жабыркагандардын саны 71ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы "Акчабарга" билдирди.
Маалыматка ылайык, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына уулануудан кийин жалпысынан 71 адам кайрылса, анын ичинен 36 бейтап ооруканага жаткырылды, анын ичинен 5cү бала.
“Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Абалдары жакшырса, балким, бүгүн айрымдары амбулатордук дарыланууга чыгарылат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору фастфуд сатуучу жайлардагы аныкталган мыйзам бузуулар үчүн 72 миң сом айып салган. Объекттер мыйзам бузуулар жоюлмайынча жабылган. Алар Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы ооруканага башка тез тамактануучу жайлардан да жабыркагандар келгенин билдирет: