Бишкек шаарынын мэриясы тигүү калдыктарын утилизациялоо үчүн атайын жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров Ленин районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаарда 250дөн ашык жеке кийим тигүүчү ишканалар иштейт. Алар өндүрүш калдыктарын катуу таштанды үчүн контейнерлердин жанына таштап, андан соң бардык таштандылар менен кошо полигонго алып кетишет.
“Синтетикалык кездемелер ал жерде оңой күйүп, кырдаалды курчутат. Маселени чечүү үчүн 12 млн. сомго тигүү калдыктарын жок кылуучу атайын жабдууларды Орусиядан сатып алдык”, - деди мэр.
Белгилеп кетсек, каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн. Эми муниципалдык кызматтар таштандыларды чыгаруу жана кайра иштетүү үчүн ар бир тигүү цехи менен келишим түзөт.