TikTok'ту Казакстан да бөгөттүшү мүмкүн

23.04.2024, 11:16 Акчабар
TikTok'ту Казакстан да бөгөттүшү мүмкүн

Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги TikTok социалдык тармагына бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу "КазТаг" маалымат агенттиги министр Аида Балаевага таянып билдирди.

Министрдин айтымында, мыйзамсыз контенттин көлөмү боюнча TikTok лидер. 

“Учурда биз социалдык тармактарда мыйзамсыз контенттин өскөнүн көрүп жатабыз. Министр катары айтам,  TikTok'ту бөгөттөнү ойлонушубуз керек",  - деди Балаева. 

Ошондой эле, Казакстандын маданият жана маалымат министри бул платформадан балдар сөгүнгөн сөздөрдү үйрөнүп жатканын белгилеген.

"Азыр эле бул социалдык тармакка тыюу салабыз деп айтпайм. Биз ойлонобуз. Анткени коңшу жана башка мамлекеттер ушундай чараларды көргөндө биз да изилдеп жатабыз", - деген ал. 

 

Тэги: ТикТок Казакстан бөгөттөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу