Айдарбеков деңизге чыгышы жок өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын онлайн жолугушуусуна катышты

24.09.2020, 17:30 Акчабар
Айдарбеков деңизге чыгышы жок өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын онлайн жолугушуусуна катышты

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков деңизге чыгышы жок өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын онлайн жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, иш-чара кечээ, 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында Казакстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн тобунун казак тараптын төрагалыгынын алкагында өттү.

Өз сөзүндө КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз тараптын Улуттук стратегиялардын жана өнүгүү пландарынын алкагында 2014-2024-жылдарга карата Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн Вена иш-аракеттер программасын ырааттуу жүзөгө ашырууга милдеттенмесин дагы бир жолу ырастады. 

Өзгөчө, министр Ч.Айдарбеков 2020-жылдын 28-майында болуп өткөн Коронавирус доорунда жана андан кийинки өнүктүрүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды «терең» реструктуризациялоо зарылдыгын жана туруктуу өнүгүү долбоорлорунда карызды конверсиялоо механизмин кеңири колдонуунун маанилүүлүгүн белгилегендигин кубаттады.

Жыйынтыгында Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун Декларациясы жана 2014-2024-жылдарга Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн Вена иш-аракет программасын ишке ашырууну тездетүү боюнча Жол картасы кабыл алынды.

Тэги: министр Чыңгыз Айдарбеков КР ТИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу