Өткөн жылы азык-түлүктүн баасы 13,3%га кымбаттаган

14.01.2022, 15:22 Акчабар
Өткөн жылы азык-түлүктүн баасы 13,3%га кымбаттаган

Өткөн  жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 11,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.

Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 13,3 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 11,4 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга - 9,7 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери - 7,1 пайызга өсүүлөрү байкалды.

"2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (14,9 пайыз) Жалал-Абад облусунда катталган, азык-түлүк эмес товарларга (20,1 пайызга) жогору экени аныкталды",- деп айтылат маалыматта.

Тэги: азык-түлүк алкоголсуз суусундук тамеки алкоголдук ичимдик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу