Түндүк-Түштүк унаа жолундагы тоннелди тешүү иштери аяктады

31.01.2022, 11:10 Акчабар
Түндүк-Түштүк унаа жолундагы тоннелди тешүү иштери аяктады

Түндүк-Туштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу туннелди тешүү иштери аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда магистралдык туннелдин курулушу уланууда.

Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативдүү унаа жолун куруунун алкагында узундугу 3890 метрди түзгөн тоннелдин курулушу жүрүп жатат. Анын бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Салыштыра турган болсок, Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин туурасы 6,2 метр, бийиктиги 4,5 метрди түзөт. 

Ошондой эле туннелге параллель авариялык кырдаалда адамдарды жана унааларды эвакуациялоого мүмкүндүк берген бийиктиги жана туурасы 4 метрди түзгөн өтмөк казылып жатат. Тоннелдин курулушу быйылкы жылдын аягына пландаштырылган.

Долбоор Кытайдын “Эксимбанкы” тарабынан бөлүнгөн каражатка жана Кыргызстандын бардык аймактарында көптөгөн жол куруу долбоорлоруна катышкан "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" компаниясынын жардамы менен ишке ашырылууда. Курулуштун көзөмөл консультанты “Кыргызжолтранспортдолбоору” институту болуп эсептелет.

Тэги: жол курулуш түндүк-түштүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу