Той-ашты тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорунун алкагында атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынды

28.02.2022, 13:20 Акчабар
Той-ашты тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорунун алкагында атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынды

Бүгүн, 28-февралда “Кыргызстанда үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Мунун менен катар “Бузуулар жөнүндө КРнын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору да талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйында баяндама демилгечиси депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоору боюнча бир катар сунуштар келип жатканын белгилеп: “Бул жаатта чыккан Президенттин жарлыгына ылайык, атайын эрежелер топтомун иштеп чыгуубуз кажет. Бул үчүн бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуу каралууда”, – деди.

Муну менен катар айып пул боюнча сунуштарга токтолгон депутат: “20 миң сомдун аз экени белгилүү. Бирок 100 миң сом деп да белгилей албайбыз. Ал үчүн Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет. Анткени анда эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпашы керек деп белгиленип калган”, – деп кошумчалады.

Жыйында жалпысынан аш-тойлорго чакырылгандардын санын азайтуу, маркумдарды узатуу зыйнаттарында мал союуну жоюу өңдүү бир катар сунуштар берилди. Жыйынтыгында бардык сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорунун алкагында атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынып, ага депутаттарды, министрликтиктердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдордун жана диний мекемелердин өкүлдөрүн киргизүү керектиги айтылды.   

Тэги: үй-бүлөлүк салтанаттар маркумду акыркы сапарга узатуу маркумдуу эскерүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу