«Тойбосс» колбасаларын текшергенде чочконун ДНКсы чыккан жок

19.05.2023, 16:25 Акчабар
«Тойбосс» колбасаларын текшергенде чочконун ДНКсы чыккан жок

“Адал-Азык” ЖЧКсы "Тойбосс" колбасаларын текшергенде чочконун ДНКсы чыкпаганын билдирди. Бул тууралуу аталган ишкана “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады. 

“Адал-Азык” ЖЧКсы колбаса өнүмдөрдү текшерүү үчүн Бишкек шаарынын республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунан, Россиянын Иркутск аймактар аралык ветеринардык лабораториясынан (ФГБУ "Иркутск МВЛ"), Казакстандын “Эркин Талгам” жана “Нутритест” ишканасынын сыноо лабораториясынан өткөн. 

Бул лабораторияларга жалпы 57 үлгү жөнөтүлүп, алардын бардыгы чочко ДНКсы боюнча терс жыйынтыкты көрсөткөн. 

“Биз аброюбузду жана рыноктогу позициябызды сактап калуу үчүн кардарлабыздын ишениминин маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Ошондой эле, биз продукцияны адал деп белгилөө менен байланышкан юридикалык жана этикалык милдеттерди билебиз. Ошондуктан, биз халал талаптарына да, колдонулуучу ченемдерге да ылайык келүүнүн жогорку стандарттарына умтулабыз. Азыктарыбызга шек туудурган ар кандай айыптоолор биз үчүн олуттуу жана кылдаттык менен каралат”, - деп айтылат мекеменин маалыматында. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу