Токмокто дөңгөлөктөрдү кайра иштеткен завод ачылды

18.09.2023, 11:20 Акчабар
Токмокто дөңгөлөктөрдү кайра иштеткен завод ачылды

“Кумтөр” компаниясы эскирген жүк ташуучу дөңгөлөктөрдү жана учактардын дөңгөлөктөрүн оңдоо боюнча заманбап кайра иштетүүчү завод курду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда ишкана тесттик режимде иштеп жатат, анын толук кандуу ачылышы жыл аягына белгиленди. Бардык тестирлөө процесстери аяктап, керектүү уруксаттар алынгандан кийин ал толук кубаттуулукта ишке киргизилет. 

“Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Германиядан жана Орусиядан келген заманбап техникалар колдонулат. Эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү процессинде резина, металл элементтери жана текстиль бөлүнүп алынат. Алынган материалдар өнөр жай процесстеринде жаңы өнүмдөрдү чыгаруу үчүн кайра колдонулат”, - деп айтылат маалыматта. 

Завод саатына 2 миң тонна эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, пластик, текстиль жана башка материалдарды өндүрөт. Анда 180 адам жумуш менен камсыздалды.

Долбоорду ишке ашырууга 19 млн доллардан ашык жумшалган.

Кошумчалай кетсек, завод Токмок шаарында жайгашкан.

Тэги: завод Токмок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу