9-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 15 млрд 56 млн куб метр суу бар

09.09.2020, 10:40 Акчабар
9-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 15 млрд 56 млн куб метр суу бар

Бүгүн, 9-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 56 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 477 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 303 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.

Тэги: Токтогул суу сактагыч куб метр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу