Токтогулдагы суунун агып кириши керектөөгө караганда көбөйдү.
“Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата башкы резервуардагы суунун көлөмү 7 млрд 207 млн куб метрди түздү.
Суунун агып келиши секундасына 297 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 189 куб метрди түзүүдө. Бирок буга карабай электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу сунушталат.