Токтогул ГЭСи штаттык режимде иштеп жатат

10.11.2022, 16:34 Акчабар
Токтогул ГЭСи штаттык режимде иштеп жатат

Токтогул ГЭСи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Электр станцияларынын” башкы директору Айбек Айдаралиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Токтогул ГЭСин реконструкциялоо” долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта гидромеханикалык жабдууларды реабилитациялоо жана дарбазаларды оңдоо иштери аяктап жатат.

“Бардык оңдоо иштери дээрлик аяктап калды. Ишке киргизүү сыноолору жана жабдуулардын иштешин текшерүү иштери жүрүүдө. Ишке киргизүү үчүн өлкө боюнча электр энергиясын жана электр энергиясын керектөөгө чектөөлөр киргизилет. Бирок, бул бир сааттан ашпоого тийиш”, - деп белгиледи Айдаралиев. 

Энергетик белгилегендей, буга чейин ГЭСти 15-ноябрда ишке берүү пландалып, бирок аба ырайынын сууктугуна байланыштуу 11-ноябрдан кийин агрегат толук кандуу ишке кириши үчүн иштер тездетилген. 

Мындан тышкары, “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси №4 блоктун ишке киришине байланыштуу электр жарыгынын өчүшү кайталанышы мүмкүн экенин эскертти. 
“Электр станциялары” жарандарды электр жарыгынын өчүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат. Бул чектөөлөр жаңы жабдуулардын иштешин текшерүүгө байланыштуу болууда. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика энергетика ОАО "Электрические станции"

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу