Кыргызстандагы шайлоого шайлоочулардын үчтөн биринен бир аз ашыгы гана катышты

29.11.2021, 09:19 Акчабар
Кыргызстандагы шайлоого шайлоочулардын үчтөн биринен бир аз ашыгы гана катышты

Быйылкы парламенттик шайлоого кыргызстандыктар 1,5 эсе аз добуш берген. Мындай корутундуларды БШКнын алдын ала маалыматтарынын негизинде чыгарууга болот.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого 36 бир мандаттуу округ боюнча 21 партия жана 296 талапкер катышты. Алар жогорку закон чыгаруучу органдын жацы составында 90 орунга ээ болушту. Жаңы парламентке өтүү үчүн партиялар 5 пайыздык босогодон өтүп, талапкерлер округ боюнча атаандаштарынан көбүрөөк добуш алышы керек болчу. 54 мандат жеңген партияларга, 36 мандат бир мандаттуу округдардан келген талапкерлерге бөлүштүрүлөт. Буга чейин 5%дык босогодон алты партия өткөн.

Ошол эле учурда добуш берүүгө 1 миллион 273 миң 557 адам катышкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоочулардын 34,39%ы катышты. Ошол эле учурда өткөн жылдын октябрь айындагы шайлоодо 56,5% же 1 миллион 980 миң 240 шайлоочу добуш берген. Ошентип, жарандардын шайлоо процессине катышуусу 1,5 эседен ашык кыскарды.

Эң активдүү облустар болуп Талас (63 миң 829 добуш) 39,42% жана Нарын (78 миң 873 добуш) 38,19% облусу жана Ош шаары саналат, аларда 59 миң 363 шайлоочу же катталган жарандардын жалпы санынын 38,12% добуш берген.

Ошол эле учурда шайлоого эң аз кызыгууну Чүй облусунун (187 миң 276 добуш) 30,62% жана Бишкек шаарынын (143 миң 301 добуш) 32,88% тургундары көрсөтүштү. Эске салсак, добуш берүү күнү Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 2494 шайлоо участогу ачылып, алар саат 8.00дөн баштап, саат 20.00гө чейин добуш берүүнү каалаган жарандарды кабыл алууну уланткан.

Тэги: выборы явка выборы депутатов в ЖК Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу