«Толук метраждуу көркөм фильмдин мыкты сценарийине» пилоттук сынак жарыяланды

20.02.2020, 10:10 Акчабар
«Толук метраждуу көркөм фильмдин мыкты сценарийине» пилоттук сынак жарыяланды

Толук метраждуу көркөм фильмдин мыкты сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мекенчилдик жана мекенди сүйүү, үй-бүлөлүк салттарды сактоо жана бекемдөө, жаштар жана келечек муунду тарбиялоо, балдарды колдоо, айлана чөйрөнү жана экологияны коргоо, туулган жерге аяр мамиле кылуу темалары боюнча «Толук метраждуу көркөм фильмдин мыкты сценарийине» пилоттук сынак жарыяланат.

Сынакты өткөрүү жана сценарийлерди кабыл алуу мөөнөтү: 2020-жылдын 19-февралынан 20-мартына чейин өткөрүлөт. Сценарийлер 2020-жылдын 20-мартынын 17.00 саатына чейин кабыл алынат.

Пилоттук кино долбоор фильмди өндүрүүгө сарпталган каражаттарды прокаттан кайтарып берүүгө, долбоорду каржылоого менчик финансы булактарды, чет элдик инвесторлорду тартууга багытталган.

Сынакка катышуу тартиби: «Мыкты сценарий» сынагына Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй киносценаристтер, кино ишмерлер, жазуучулар, журналисттер катыша алышат. Конкурстун катышуучусу «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясынын Көркөм кеңешинин кароосуна өз сунушун коштомо каты менен конвертте чапталган түрдө берет. Конверттин бетинде катышуучунун аты жөнү, фамилиясы, атасынын аты, электрондук почтасы, телефону жана «Сынакка» деп жазылыш керек. Конкурстук сунушта сценарийден тышкары кинодолбоорго, фильмдин өндүрүшүнө катыша турган шериктер, алардын финансылык салымы тууралуу маалымат болуш керек.

Сынакка сунушталган сценарийге коюлуучу техникалык талаптар:
- 5 нускадан турган киноценарийдин тексти, анын электрондук версиясы;
- текстин тили – мамлекеттик жана расмий;
- текстин форматы - Microsoft Word “doc”;
- сценарийдин көлөмү – 100 бет (хронометражы 90 мүнөткө чейин);
- шрифти - 12 Times New Roman;
- текстин жайгашы: жогору жагы -2,5 см, төмөнкү жагы -1,2 см, сол жагы -3,7 см, оң жагы- 2,5 см.

Сынактын жалпы талабы: Башка жолдор менен жиберилген сунуштар каралбайт. Жиберилген сунуштар рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

Байланыш: Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Д. Асанова көчөсү, 1. Тел.: 344569, 344626. Факс: 344631. Конверттин сыртында Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясы, «Сынакка» деп жазылыш керек.
Электрондук дарек: office@kyrgyzfilm.kg

Тэги: толук метраждуу көркөм фильм сынак сценарий

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу