Тоо-кен тармагындагы инвесторлор өлкөдөгү стабилдүүлүктү күтүп жатышат

26.10.2020, 10:35 Акчабар
Тоо-кен тармагындагы инвесторлор өлкөдөгү стабилдүүлүктү күтүп жатышат

Кыргызстандагы акыркы саясий окуялар  бизнеске кедергисин тийгизбей койгон жок. Анын ичинен тоо-кен иштеткен ишканалар бир топ чыгымдарга дуушар болушту. НАБАнын алдын ала берген маалыматына ылайык, 10-октябрга карата эсептелген чыгымдын көлөмү 8 млрд сомду түзгөн.  

Акыркы убактарда өлкөдө болгон кырдаалдан соң, тоо-кен тармагынын иши бир канча убакытка дейре токтоп калат деген коопсуздук пайда болгон. Твиттердин колдонуучусу Askar Aktalov өзүнүн баракчасына Жерүй жазга чейин ишин токтотуп, жумушчулардын бардыгын тең таратты деп билдирүү калтырган. Бул маалыматты тактоо үчүн «Акчабар» айрым ишканалардын жетекчилери менен байланышка чыкты.

«Жерүй жазга чейин жабылды, келтирилген чыгымдын көлөмү 15 млн долларга чейин жетти. Алтын казалы деп атканда, бардык жумушчулар таркатылды. Андан сырткары, Таласка губернатор кылып, Жерүйгө каршы митингди уюштурган  жергиликтүү активисти  шайлап коюшту. Орусиялык инвестор кетет же сотко берет», — деп жазган Askar Aktalov аттуу Твиттердин колдонучуусу өзүнүн баракчасына.  (@aktalov) October 19, 2020) 

5-10-октябрдагы болуп өткөн окуяларда ири суммада жапа чеккен «Альянс Алтын» ишканасы болгон. Жергиликтүү жашоочулар ишканага күч менен кирип, талап-тоноп жана өрттөп ийишкен.

Социалдык тармактагы билдирүүнү, Альянс Алтындын» өкүлдөрү четке кагышып, жумуш абал турукташканча гана токтогондугун, жазга чейин деген сөз болбогондугун билдиришти. Азыр ишкана толугу менен калыбына келүү үчүн убакыт талап кылынат.

«Кыргызкөмүр» ишканасы дагы, Кара-Кече ишин токтотту деген маалыматты четке какты. Кара-Кечеде жумуш 6-октябрда гана токтотулган.

 

«Күн сайын Кара-Кечеден 3.5 миң тоннадан 5 мин тонна көмүр алынып чыгат. Анын үстүнө жылуулук мезгили башталды. Ошондуктан биз жумушубузду токтотпошубуз керек», — деп билдиришти ишканадан.

Андан сырткары, Бозымчак дагы өлкөдөгү саясий абал турукташкычакты өз ишин токтоткон.

KAZ Minerals азырынча келтирилген чыгымдарды эсептеп бүтүшө элек. Азырынча ишкана кайсы күнү ишке киришери белгисиз.

18-октябрда өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев «Вертекс», «Жамгыр», «Каз минералс Бозымчак», «Чаарат», «Эти Бакыр», «Шамбесай» ишканалары менен жолугушуу өткөргөн.

Жолугушууда мамлекеттик органдар көйгөйлөрдү чечүү үчүн жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Тараптар сунуштардын топтомун түзгөн соң, министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүшөт.

Оор өнөр жай тармагы калыбына келгиче, өлкөнүн бюджети күн сайын 50 миң доллардан ашык жоготууга учурап жатат. Ал эми ай сайын жоготуу 1,6 млн долларды түзүүдө. Андан сырткары, 4 миңден ашык кыргызстандыктардын  кирешесиз калуу коркунучу бар.

 

 

 

Тэги: тоо-кен тармагы стабилдүүлүк инвестор Жерүй

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу