Мамлекеттик органдарды Төрөбаевдин бир тууганы бензин менен камсыздайт

18.05.2022, 14:55 Акчабар
Мамлекеттик органдарды Төрөбаевдин бир тууганы бензин менен камсыздайт

Бензин эң көп сатылып алынган мамлекеттик сатып алуулардын бири. Алсак, ушул жылдын январь айынан апрелге чейин ведомстволор, мамлекеттик ишканалар жана социалдык мекемелер 329,64 миллион сомго күйүүчү май сатып алышкан. “Акчабар” бюджеттик секторду күйүүчү май менен камсыздоодон ким көп киреше тапканын билүүнү чечти.

Жалпысынан каралып жаткан мезгилде АИ-80, АИ-92, АИ-95 жана ал тургай АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин ар кандай сортторун сатып алууга 987 тендер жарыяланган. Көбүнчө мамлекеттик органдар АИ-92 бензинин (83,4%), АИ-95 - 6,5%, ал эми азыраак АИ-80 - 0,5% гана сатып алышкан. Ошондой эле тизмеде белгисиз классификациядагы бензин (9,6%) бар.

Сатып алуучу уюм катары 814 мамлекеттик мекеме иштеген. Алардын ичинен 10 уюм бензинге чыгашалар боюнча лидер болуп, жарыяланган лоттордун жалпы наркы 59,8 млн сомду же жалпы сумманын 27,4%ын түздү.

Ири жеткирүүчүлөрдүн тизмесине мындан бир нече жыл мурун эле пайда болгон жана топко чыккан компаниялар да бар. Алардын арасында "Кыргыз нафта" ЖЧКсы турат. Компания 2020-жылдын 23-декабрында катталган. Директор жана негиздөочүлөрдүн бири Санжар Абилов, экинчи түзүүчүсү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин бир тууганы Аскарали Төрөбаев. Кызыгы, компания аткарылган келишимдердин суммасы боюнча рейтингде экинчи орунду ээлегени менен, утуп алган лоттордун саны боюнча (1060 лоттун 376сы) тизменин башында турат.

"Умар-Алихан" жана "Сэвен трейд" ЖЧКлары да 2020-жылы катталган. Биринчи ишканада директор жана уюштуруучу Үсөн Бахапов, экинчисинде - Аскат Кудайбергенов, негиздөөчүсү Романкул Кудайбергенов.

Тэги: бензин АЗС госзакупки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу