Былтыркы жылы эң көп киреше тапкан депутаттар

06.12.2021, 16:37 Акчабар
Былтыркы жылы эң көп киреше тапкан депутаттар

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы кирешеси 345 млн 466 миң 683 сомду түздү. Мындай тыянакты Салык кызматынын сайтында жарыяланган Бирдиктүү салык декларациясында келтирилген парламентарийлердин маалыматы боюнча чыгарууга болот.

“Акчабар” Жогорку Кеңештин депутаттарынын 132 декларациясынын кирешеси боюнча маалыматтарды талдап, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча эң көп киреше тапкан топ онго кирген эл өкүлдөрүн тизмектеди.

Белгилеп кетсек, 2020-жылы парламентте 120 депутат отурганына карабай, алардын айрымдары мандатын тапшырып, алардын ордуна партиянын кийинки тизмедегилери депутат болуп келишкен.


Кошумчалай кетсек, төрт депутаттын кирешеси нөлдүк чен менен көрсөтүлгөн. Алар: Ныязбек Арзыбаев, Саматбек Ибраев, Махабат Мавлянова жана Бакытбек Сыдыков.

Кирешелери боюнча маалыматы барлардын ичинен эң аз сумма Самат Исмановго (79 миң 70,7 сом), Чынара Урумкалиевага (81 миң 320 сом) жана Султанбек Анарбаевге (87 миң 157 сом) тиешелүү.

Тэги: депутаты доходы Кыргызстан единая декларация деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу