Уставдык капиталы боюнча алдыңкы беш коммерциялык банк белгилүү болду

11.10.2021, 13:46 Акчабар
Уставдык капиталы боюнча алдыңкы беш коммерциялык банк белгилүү болду

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын уставдык капиталы ушул жылдын август айынын аягында 35 миллиард 519 миллион 779 миң сомго бааланган. Мындай тыянактарды финансы институттарынын отчетторунун негизинде чыгарса болот.

Мында, капиталдын жалпы көлөмүнүн 54,86% өлчөмү боюнча алдыңкы беш банкка туура келет. Биринчи орунда 8,7 миллиард сом капиталы менен "Керемет Банк", 3,5 миллиард сом менен экинчи орунда "Айыл Банк", үчүнчүдө "Бакай Банк" (2,8 миллиард сом), төртүнчүдө "РСК Банк" (2,5 миллиард сом) турат. Алдыңкы бештикте ошондой эле "Демир Банк" (2 млрд. сом) бар.

Белгилей кетсек, акыркысы 2018-жылдан бери рейтингдин аягында болчу. Бирок бул жылдын июль айынан август айына чейин "Демир Банк" уставдык капиталын 1,4 миллиард сомго көбөйтүп, лидер болууга жетишти.

Кошумчалай кетсек, бул жылы экинчи чейректен баштап беш банк - "Айыл Банк" (48,3 миллион сомго), "Демир Банк" (1,4 миллиард сомго), "Дос -Кредобанк" (194 миллион сомго), KICB (630 миң сомго) жана "РСК Банк" (160,9 миллион сомго) бир убакта уставдык капиталын көбөйттү.

Тэги: комбанки рейтинг уставный капитал деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу