2021-жылы төлөмдөрү күтүлгөндөн ашкан эң мыкты топ 7ге кирген салык

10.01.2022, 09:02 Акчабар
2021-жылы төлөмдөрү күтүлгөндөн ашкан эң мыкты топ 7ге кирген салык

2021-жылдын республикалык бюджети салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнүн эсебинен 5,7 млрд сомго көбөйдү. Мындай маалыматтар Финансы министрлиги тарабынан 2021-жылга такталган бюджетте келтирилген.

Тактап айтканда, салыктын жети түрү боюнча жыл башында белгиленген пландан ашыкча чогултулганы белгилүү болду. Пайда салыгы, алтын казуучу компаниялардын кирешесине салык, кен байлыктарын пайдалануу үчүн салыктар жана тышкы соода ишмердигине төлөмдөр күтүүлөрдөн да көбүрөөк болду.

Ошону менен бирге акциздик салыктан түшүүлөр 715,6 млн сомго жана кен казуу тармагынан түшкөн салык 395 млн сомго кыскарган.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын республикалык бюджеттин мамлекеттик инвестицияларынын гранттарын эске алуу менен жалпы кирешелер 15 млрд 297,9 млн сомго көбөйтүлүп, 188 млрд 189,6 млн сом өлчөмүндө аныкталган.

Тэги: налоги Кыргызстан экономика деньги бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу