18-ноябрдан 22-ноябрга чейин Кыргыз биржа фондунун соода аянтында баалуу кагаздар боюнча 12 компаниядан 56 келишим катталган. Бир жума ичиндеги соодалашуунун көлөмү 7.3 млн сомго чыккан. Өсүү 85% түзөт.
Кыргыз биржа фонду билдиргендей, мамлекеттик баалуу кагаздардын сатуу көлөмү өсүп келе жатат. ААК «Кант цементзаводу» жана ААК «Бишкекжылуулукборбору» менен ири көлөмдө келишим түзүлгөн.