Соодагерлер 2024-жылга чейин патент менен иштей алышат

26.08.2022, 11:05 Акчабар
Соодагерлер 2024-жылга чейин патент менен иштей алышат

Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги айрым мыйзамдарга салык жагынан өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Алсак, мыйзам долбооруна ылайык, соода ишмердүүлүгүнүн резиденттери үчүн патенттердин жаңы жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин белгиленген.

“Ошол эле учурда тигүү жана текстиль өнөр жайы үчүн 2027-жылдын 1-январына чейин кирешенин көлөмүнө чектөөсүз 0,25% өлчөмүндө бирдиктүү салык белгиленген. Чыгармачыл индустриалдык парктын өкүлдөрү үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары 2023-жылы 0,5%, 2027-жылга чейин акырындык менен 2%га чейин жогорулатуу белгиленген”, - деп белгиледи Экономика министрлиги.

Ошондой эле, коомдук тамактануу ишканалары үчүн бирдиктүү салыктын жаңы ставкаларын кирешенин көлөмүн чектебестен 3 пайыздан 6 пайызга чейин кабыл алуу сунушталууда. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында накталай түрдө 6% жана накталай эмес формада 4%, ал эми Кыргыз Республикасынын калган аймактарында 5% накталай жана 3% накталай эмес формада белгиленген.

Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоорунда контролдук-кассалык аппараттарды колдонбоо, кассалык чектерди бербөө же жараксыз түзүлүштөрдү колдонуу үчүн айыпты азайтууну караган нормалар камтылган.

Тэги: розничная торговля парк креативных индустрий общепит Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу