ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен соодасы ковидге чейинки мезгилден 12,6%га ашты

18.01.2022, 11:28 Акчабар
ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен соодасы ковидге чейинки мезгилден 12,6%га ашты

2021-жылдын 11 айында Евразия экономикалык биримдигинин үчүнчү өлкөлөр менен товарларынын тышкы соодасынын көлөмү 752 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан маалымдашты.

Анын ичинен экспорт 465,9 млрд долларды, импорт 286,1 млрд долларды түздү.Өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу товар жүгүртүү 34,3%га, же 191,9 млрд долларга өстү.Өсүш экспорттун (+42,5%) да, импорттун (+22,8%) да эсебинен камсыздалган.

Алсак, тышкы соода жүгүртүү 2019-жылдын январь-ноябрь айларына чейинки мезгилге салыштырмалуу 12,6%га же 84,4 млрд долларга ашты.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда да оң өзгөрүүлөр бар. Алсак, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 3,3 млрд долларды түзүп, 14%га өстү. Ошону менен бирге өсүш толугу менен импорттун көбөйүшү менен шартталган (+56,3%), ал эми республиканын үчүнчү өлкөлөргө экспорту 40%дан ашык кыскарган.

Тэги: ЕАЭС Кыргызстан внешняя торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу