Январь-июнь айларында Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык биримдике кирген өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 995,7 млн долларды түздү, бул өлкөнүн тышкы соодасындагы үлүшүнүн 29,8%ын түзөт.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү 66,3%дык өлчөмдө Орусияга туура келген. Мында экспорттоо 60,9%, импорттоо 68,8% ээлейт.
Ошол эле учурда, Кыргызстан менен Орусиянын соода алакаларында салкындоо ачык байкалууда. Жалпысынан товар жүгүртүү 12,7%га төмөндөп, 1,5 млрд доллардан 1,3 млрд долларга чейин төмөндөгөн. Бул Кыргызстандын экспортунун 1,2%га 389,2 млн долларга, импорттун 16,8%га 933 млн долларга чейин азайышы менен байланыштуу.