ШКУдагы товар жүгүртүүнүн көлөмү Кыргызстанда 71% түзөт

17.05.2019, 15:30 Акчабар
ШКУдагы товар жүгүртүүнүн көлөмү Кыргызстанда 71% түзөт

Кыргызстандын ШКУга кирген өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 71% түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «ШКУ: Кызматташтыктын чегин кеңейтүү» бизнес-форумунун жүрүшүндө билдирди.

«Инвестициялардын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы сыяктуу натыйжалуу механизмдерди, бирдиктүү финансы-кредит жана бажы саясатын киргизүү, ошондой эле соода операцияларын жүргүзүүдө бирдиктүү валютаны киргизүү жана өнүктүрүү аркылуу келечекте кубаттуу экономикалык уюм түзүлөт. Бул ШКУга кирген бардык өлкөлөр үчүн утуштуу», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасы үчүн ШКУ мүчө-өлкөлөрү менен кызматташуу – бул ириде, туруктуу экономика, ийгиликтүү ишмердүүлүк жана инвестициялар, транспорттук инфратүзүмдү жана энергетиканы модернизациялоо, туризм жана заманбап маалыматтык технологиялар.

«Бул артыкчылыктуу багыттарда өз ара аракеттешүү үчүн Өкмөт тарабынан иш-чаралар комплекси иштелип чыгып, аткарылып жатат. Сандарга кайрылсак, 2018-жылы биздин өлкөнүн товар жүгүртүүсү 6,7 мрлд АКШ долларын түзгөн. Ошол эле учурда ШКУ өлкөлөрү менен – 4,7 млрд АКШ долларын түзгөн, бул товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 71%. Ал эми импорт 13%, экспорт 11% өскөн. Акыркы 5 жылда товар жүгүртүү жалпысынан 7% өстү», – деди Өкмөт башчы жана бул фактылар ШКУ алкагында республиканын оң динамикасы жана товар жүгүртүүнү, алды менен продукциялардын импортун көбөйтүүгө потенциалы бар экендигин көрсөтөрүн кошумчалады.

Премьер-министрдин айтымында, ШКУ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргыз Республикасы үчүн негизги инвестициялык өнөктөштөр бойдон калууда.

«2018-жылы Кытай Эл Республикасынан түз инвестициялардын көлөмү 245,4 млн АКШ долларын, Россия Федерациясынан – - 154,4 млн АКШ долларын түзгөн. Пакистан Ислам Республикасынан 8,9 млн АКШ доллары тартылган, бул 2017-жылдын деңгээлинен 2,3 эсе көп. Үстүбүздөгү жылы Регионалдык конференциянын алкагында россиялык бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен 6 млрд АКШ долларына 53 документке кол коюлгандыгы Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө айтып турат. Мисалы, «Росгеология» компаниясы менен минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү боюнча 1,2 млрд АКШ долларына келишим түзүлгөн. «Русэлпром» россиялык энергетикалык концерни атамекендик гидроэнергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1,5 млрд АКШ долларын салат. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын алкагында биздин өлкөнүн гидроэнергетика жаатында 1 млрд евро суммасындагы долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашылды», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы маанилүү гидроэнергетикалык ресурстарга ээ, анын камы 143 млрд квт/с энергия деп бааланат. Бүгүнкү күнү учурдагы потенциалдын 7,8% гана колдонулат.

«Биздин өлкөнүн туризм чөйрөсү бизнес жүргүзүү үчүн өзгөчө ылайыктуу. 2018-жылы биздин республикага 7 млн турист келген, бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Туристтик агымды көбөйтүү үчүн дүйнөнүн 56 өлкөсү (учурда – 45 өлкө) менен визасыз режим киргизилүүдө, «Ачык асман» долбоору ишке берилди, ал бизнес жүргүзүү үчүн маанилүү жана жагымдуу транзиттик борборго айланат», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусундагы кооперациялык биржа форматындагы форумдун ишинин жыйынтыгы боюнча 2 млрд АКШ долларынан ашуун суммалык документтерге кол коюу күтүлүүдө.

«Экономикалык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ШКУнун, анын ичинде Өнүктүрүү банкынын финансылык механизмдерин түзүүнү тездетүү керек. 18 жылдык ишмердүүлүгүндө Шанхай кызматташтык уюму абройлуу эл аралык жана аймактык уюмга айланды», – деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

  

Тэги: ШОС Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу