Ишкерлер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз үчүн каттоого турушу шарт

29.11.2022, 15:09 Акчабар
Ишкерлер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз үчүн каттоого турушу шарт

Товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып Салык кызматынын маалымат системасында каттоодон өтүп, электрондук жол баракчасын колдонууга милдеттүү.

Ал үчүн  салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинетте" "Товар-транспорттук коштомо" системасына катталууга болот.

Электрондук товар-транспорттук коштомо (ЭТТН) маалыматтык системасы Салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат. Ал электрондук жол баракчаларды түзүүгө жана аны контрагентке реалдуу режимде берүүгө мүмкүндүк берет.

Эске салсак, 2022-жылдын 15-майынан тартып ЭТТКны мунай, мунай өнүмдөрүн жана товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөр колдонууда. Ошондой эле, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге кирген товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөр тарабынан колдонулат.

Учурда жергиликтүү салык органдары тарабынан ЭТТКны колдонуу боюнча окутуу жана маалымат берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу