Ири соода түйүндөрү (Народный, Глобус, Фрунзе) социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларын төмөндөтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кумшекердин килограммы 62-63 сомдон 55 сомго чейин төмөндөйт. Күн карама өсүмдүк майы үчүн - классына жараша арзандатуу 1 литрине 15 сомдон 20 сомго чейин болот.
Базарларда алып-сатарлык баалар байкалаары белгиленди. Жакынкы күндөрү базарлар жана башка соода түйүндөрү жана дүкөндөр монополияга каршы чаралар менен камтылат.