Бүгүн, 26-июнда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында коңшу мамлекеттин парламент сенатынын аппаратынын жетекчиси Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда соода-экономикалык мамилелер талкууланды. Нурланбек Шакиев белгилегендей, Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн алдына жакынкы аралыкта товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү милдети турат.
Маалым болгондой, 2022-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,2 миллиард долларга жетип, 2021-жылга салыштырмалуу 13,8%га өскөн.