Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирет

16.03.2023, 09:55 Акчабар
Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирет

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 26%га өстү. Оң динамиканы Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда белгиледи.

Түрк лидери келечекте сооданы 2 миллиард долларга жеткирүү максаты бар экенин кошумчалады.

Ал ошондой эле түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштады.

Кыргызстан өз ара сооданы көбөйтүү үчүн түрк тарап менен жигердүү иштөөгө жана өз ара аракеттенүүгө ниеттенүүдө.

Тараптар стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Президент Садыр Жапаров Реджеп Тайип Эрдоган Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу