2023-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын товардык тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 15,7 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 29,9%га өстү, ал эми экспорт 46,8%га, импорт 26%га өстү.
ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү 4,4 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,7%га азайган. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (67,3%) жана Казакстанга (30,3%) туура келген.