Кыргыз-түрк соода жүгүртүүсу 2 млрд долларга чейин өсөт

02.02.2023, 15:42 Акчабар
Кыргыз-түрк соода жүгүртүүсу 2 млрд долларга чейин өсөт

Түркиянын Товардык палаталар жана биржалар биримдигинин президенти Рыфат Хисаржыклиоглунун чакыруусу менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариевдин Анкара шаарына иш сапары болуп өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара сооданын деңгээлин 2 миллиард долларга жеткирүү үчүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.

“Тараптар соода үйлөрүн ачуу, ошондой эле бизнес форумдарды жана бизнес жолугушууларды өткөрүү маселесин талкуулашты. Эки өлкөнүн палаталарынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана аны реформалоонун алкагында Соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу программасын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди”, - деп айтылат Соода-өнөр жай палатасынын маалыматында. 

Ошондой эле, Темир Сариев жана бир катар кыргызстандык ишкерлер Измирде өткөн AGRO EXPO-2023 эл аралык айыл чарба, багбанчылык жана мал чарба көргөзмөсүнө катышты.

 

Тэги: новости Кыргызстана ТПП Темир Сариев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу