Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүү кескин кыскарды

13.06.2022, 12:24 Акчабар
Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүү кескин кыскарды

“Германия экономикасынын күнү” бизнес-форумунда Кыргызстандын аталган мамлекеттеги элчиси Өмүрбек Текебаев акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү азайып баратканын билдирди.

“Ал өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жооп бербейт. Кызматташтыктын жылдарында товар жүгүртүү 4 миллиард долларга жакынды түздү, бул жылына 110 миллион долларга жакын. Соода жүгүртүү азайып, акыркы жети жылда ал жылына 70 миллион долларды түздү”, - деп белгиледи Текебаев.

Ал кошумчалагандай, эгерде 90-жылдардын аягында жана 2000-жылдардын башында экспорт импорттон беш-алты эсе ашып кетсе, азыр картина такыр тескери.

“Кыргызстан ВСП+ макамына ээ болгонуна карабастан, өлкөнүн Германияга экспорту төмөн бойдон калууда. Акыркы жети жылдан бери 3 миллион доллардан 10 миллион долларга чейин серпилиүүдө. Биз товар экспорттоону дээрлик токтоттук. Бул форумдун милдети — бул абалды оңдоо”, — деди Кыргызстандын Германиядагы элчиси.

Өз кезегинде Германия экономикасынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ховсеп Восканян өз сөзүндө Кыргызстанга импортко токтолду. Анын айтымында, республика бүгүнкү күндө немис продукциясын импорттоочу негизги өлкө.

Тэги: Германия Кыргызстан экономика товарооборот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу