Пилоттук программанын алкагында Түп райондук электр станциясы жеке компанияга ижарага берилет. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында өткөн жыйналышта билдирди.
Маалыматка ылайык, конкурс 30-мартта аяктайт. Аны уткан компания райондун электр энергиясын реконструкция кылышы шарт.
"Түп РЭТ жеке компанияга ижарага берилет. Талап боюнча компания кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүшү керек, райондогу эскилиги жеткен көмөк чордондорду, аба чубалгыларын реконструкциялап, акылдуу эсептегичти толук орнотушу керек. Коюлган шарттарга макул болуп, конкурска катышып утуп чыккан компания менен иштешебиз. Жеке компанияга берип жатканыбыздын биринчи себеби Түп районундагы пилоттук программанын алкагында иш алып баруу, экинчиден Түптөгү энергетика тармагын жакшыртуу болуп саналат" - дейт Энергетика министри Таалайбек Ибраев.