Түп районунда жаңы спорт зал курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушу толугу менен фонд тарабынан каржыланды. Спорт залда душ, ажаткана, тренерлер үчүн атайын бөлмө бар, бардык шарттар каралган.
"Курулуш иштери 2019-жылы башталган. Спорт залдын жалпы аянты 739 чарчы метрди түзгөн. Ал эми курулуштун сметалык баасы 21 млн 979 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.